Кыргызстанга АКШдан 150 миң доза вакцина келди

 Кыргызстанга АКШдан 150 миң доза вакцина келди

АКШ Кыргызстанга Pfizer вакцинасынын дагы 149 миң 760 дозасын берди. Бул вакциналар COVAX демилгеси аркылуу жардам катары берилгенин АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.

Мунун менен кошмо штаттардан 2021-жылдын октябрынан бери өлкөгө Pfizer вакцинасынын 450 миң дозасы тапшырылды.

“Коопсуз жана эффективдүү вакциналар биздин иммундук системабызга COVID оорусунун оорлошуна туруштук берүүгө жардам берет. Америка Кошмо Штаттары Кыргызстандын элине вакциналар менен камсыз кылууну жана алардын өлкө боюнча жеткиликтүү болушун үчүн каржылоо аркылуу колдоону улантат”, – деген АКШнын убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер.

Расмий статистикага ылайык, АКШда чыгарылган Pfizer вакцинасы менен 40 миңден ашык адам толук эмдөөдөн өтүп, 62 миңден ашуун кыргызстандык бир дозасын алган.

Пандемия башталгандан бери АКШ Кыргызстанда COVID-19 илдетин алдын алуу, аныктоо жана дарылоо үчүн 9 млн доллардан ашык каражат бөлүп берген. Андан тышкары бул акча жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга, лабораторияларды модернизациялоого, медициналык жана башка адистерди окутууга багытталган.

Жанылыктар