Кыргызстан абадан коргонуучу зениттик-ракеталык комплекс алат

 Кыргызстан абадан коргонуучу зениттик-ракеталык комплекс алат

Кыргызстанга октябрдын аягында абадан коргонуучу зениттик-ракеталык комплекс алып келинет. Бул тууралуу Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов билдирди.

Бекболотов аталган ракеталык комплекс Баткенге коюлуп, чек араны коргоого колдонуларын белгиледи.

“Мурунку жылдан бери биз БелТехЭкспорт менен сүйлөшүү жүргүзүп келгенбиз. Ушул жылы Минскке барып, “Печора-2БМ” зениттик-ракеталык комплексин көрүп келдим. Ал С-125 “Печоранын” модернизацияланган түрү, жаңыланган. Абадан коргонуучу ракеталар жакын арада өлкөбүзгө келип түшөт”, – деди ал.

Коргоо министри Кыргызстандын 6-7 тик учагы учурда чет өлкөдө оңдолуп жатканын айтып, алар жыл аягында бүтөрүн кошумчалады.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар