Кыргызстанга 58 өрт өчүрүүчү автоунаа алынып келинди (сүрөт)

 Кыргызстанга 58 өрт өчүрүүчү автоунаа алынып келинди (сүрөт)

Бүгүн, 25-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана Чек ара кызматына жаңы техникалар тапшырылды. Иш чара Бишкек шаарындагы Эски аянтта өттүп, ага президент Садыр Жапаров катышты.

Дүйнөлүк банк менен бирге ишке ашырылган долбоордун негизинде 5 миллион доллардан ашык акчага 58 өрт өчүрүүчү машина сатылып алынган. Аталган техникалар Россиядан чыгарылып, «Табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу» долбоорунун алкагында алынганын ӨКМдин басма сөз кызматы кошумчалады.

Жанылыктар