Кыргызстанга 35 марал сатып алууну “Альянс Алтын” каржылайт

 Кыргызстанга 35 марал сатып алууну “Альянс Алтын” каржылайт

35 марал сатып алууну “Альянс Алтын” ЖЧКсынын алдындагы “Бакубат Талас” фонду каржылайт.

Бул үчүн ишкана 2,5 миллион сом бөлгөн. Маралдарды Алтай (РФ) Республикасынан алып келип, тоодогу жапайы жаратылышка коё беришет. Акыркы жылдары Кыргызстанда бул жаныбарлардын санынын азайышы байкалып, аны көбөйтүүгө Алтайдан келген маралдар жардам берет.

«Альянс Алтын» компаниясы айлана-чөйрөнү коргоо чараларына чоң көңүл бурат жана бугуларды сатып алуу бул багыттагы ишинин бир бөлүгү. Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин  «2022-жылды Тоо экосистемаларын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында жасалууда.

Жанылыктар