Кыргызстандын жарандыгы 2 370 адамга берилди

 Кыргызстандын жарандыгы 2 370 адамга берилди

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыктан чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол койду.

Ага ылайык, 2 370 адамга жарандык берилди. Алардын көбүн тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар түзөт.

Ошол эле учурда өлкөнүн жарандыгынан 360 адам чыкты.

Белгилесек, жалпы 2 730 адамга  жарандык алуу боюнча өтүнүч келтирилген.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар