Кыргызстандын түштүгүндө жер титиреди

 Кыргызстандын түштүгүндө жер титиреди

Бүгүн, 10-февралда саат 11:24тө Кыргызстандын түштүгүндө күчү 4,3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул туурасында Сейсмология институтунан билдиришти.

Жер силкинүүнүн күчү Кара-Дөбө, Таш-Купыр, Салам-Алик, Ара-Көл, Байбиче айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында – Фергана кырка тоолорунда, тагыраак айтканда Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Дөбө айылынан түндүк-чыгышка карай 16 км, Таш-Купыр айылынан түндүк-чыгышка карай 17 км, Макмал айылынан түштүккө карай 19 км, Кош-Дөбө айылынан түштүк-батышка карай 26 км, Жалал-Абад шаарынан чыгышка карай 85 км жана Ош шаарынан түндүк-чыгышка карай 110 км аралыкта жайгашкан.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар