Кыргызстанда бир күндө эки жолу жер силкинди

 Кыргызстанда бир күндө эки  жолу жер силкинди

Кечээ, 29-августта Кыргызстанда эки жер силкинүү катталды. Бул туурасында сейсмология институтунан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, саат 14:11де Талас облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер силкинүү катталган. Жер титирөө Талас районунун Талды-Булак жана Ак-Коргон айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Ошол эле күнү саат 23:47де Ош облусунун аймагында дагы жер титиреди. Силкинүүнүн күчү 3 баллга сезилген.

Жер титирөө Жаңы-Асык, Сары-Колот, Жар-Ооз, Кызыл-Сенгир, Отуз-Адыр айылдарында 3 балл, Правда, Кара-Суу, Киров, Мады, Кызыл-Ордо, Кара-Жыгач, Курбу-Таш, Савай, Куршаб айылдарында 2,5 балл сезилген.

Жанылыктар