Кыргызстандын маданият күндөрү Астанада өтөт

 Кыргызстандын маданият күндөрү Астанада өтөт

26-29-октябрь күндөрү Кыргызстандын маданият күндөрү Казакстандын Астана шаарында өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Программага ылайык, 26-29—октябрга чейин «Кыргыз киносунун күндөрү», 26-октябрда Кыргызстандын эл жазуучусу Чынгыз  Айтматовдун жаркын элесине арналган «Тегерек стол» жана кыргыз- казак элинин эл артисттери, эл сүрөтчүлөрү, эл акын-жазуучулары, кино ишмерлери, илимдин докторлору, коомдук ишмерлеринин  жолугушуусу өтөт.

27- октябрда маданият күндөрүнүн расмий ачылышына карата  Кыргызстандын искусство чеберлеринин гала-концерти өтүп, театр фойесинде Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастарынын жана кол өнөрчүлөрүнүн көргөзмөсү орун алат.

28-октябрда “Манас” эпосуна арналган иш- чара жана Нурдин Тугелов атындагы мамлекеттик «Ак марал» бий ансамблинин жана Чалагыз Исабаев атындагы «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамблинин концерттери болот.

Ал эми 29-октябрь күнү маданият күндөрүнүн салтанаттуу жабылышы өтөт.

Кыргызстандан бул маданий саамалыкка 300дөн ашуун адам баруусу күтүлүүдө.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар