Кыргызстандын кыздар курамасы Түркиядагы эл аралык мелдеште төрт медаль утту

 Кыргызстандын кыздар курамасы Түркиядагы эл аралык мелдеште төрт медаль утту

Кыргызстандын күрөш боюнча кыздар курама командасы Түркиядагы U20 (20 жашка чейинкилер арасында) Champions эл аралык мелдешинде төрт медаль утту. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.

Турнир 14-15-майда Анталья шаарында өттү Кыргызстандын курамасы бир күмүш, үч коло багындырды:

2-орун — Дилназ Сазанова, 62 кг;
3-орун — Назик Мирлан кызы, 50 кг;
3-орун — Калмира Билимбекова, 57 кг;
3-орун — Бермет Нуридин кызы, 59 кг.

Жанылыктар