Кыргызстандын футзал боюнча курамасы Азия кубогунун финалына чыга албай калды

Кыргызстандын футзал боюнча курамасы Азия кубогунун финалына чыга алган жок. Бул тууралуу futsal_kgz билдирет.
А тайпасында Кыргыз Республикасынын курамасы эки жеңилүү менен – Иран менен Түркмөнстанга жана Мальдив аралдарын жеңип, үчүнчү орунду ээледи.
Бир күн мурун кыргызстандыктар ирандыктарга 1:8 эсебинде утулуп калган.
Эске салсак, тандоо туру 10-12-апрель күндөрү Бишкек шаарында өткөн.
Финалдык турга Иран менен Түркмөнстандын, ошондой эле Өзбекстан менен Тажикстандын командалары чыкты.