Кыргызстандын футзал боюнча курамасы Өзбекстан менен болгон экинчи беттешинде жеңилип калды

 Кыргызстандын футзал боюнча курамасы Өзбекстан менен болгон экинчи беттешинде жеңилип калды

Кыргызстандын курама командасы жолдоштук беттеште Өзбекстандын командасына утулуп калды. Бул тууралуу КР футзал ассоциациясы Instagram баракчасына билдирди.

Ташкентте өткөн экинчи оюн 1:2 эсеби менен аяктады.

Эске салсак, анын алдында кыргызстандыктар 2:4 эсебинде утулуп калган.

Жолугушуулар 10-апрелден 13-апрелге чейин Бишкекте өтө турган Азия Кубогунун тандап алуу раундуна даярдык көрүү максатында өткөрүлдү.

Жанылыктар