Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы Грузиянын командасы менен беттешет

Тбилисиде 21-22-декабрда Кыргызстандын курама командасы Грузиянын курама командасы менен жолдоштук беттештерди өткөрөт. Бул тууралуу futsal_kgz нин Instagramдагы баракчасында жарыяланды.
Эки өлкөнүн футболчулары биринчи жолу өз ара беттешет.
Кыргызстандын улуттук курамасы үчүн беттештер Азия кубогу – 2022 тандоо этабына даярдык катары өтөт.
2022-жылдын январында Грузия биринчи жолу Голландияда өтүүчү Европа чемпионатынын финалдык этабына Испания, Азербайжан жана Босния жана Герцеговина командалары менен D тайпасында катышат.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы 18- жана 19-ноябрда Москвада КПРФ клубу менен эки сынактык беттеш өткөрдү. Кыргызстандыктар эки оюнда тең 5:9 жана 1:5 эсебинде утулуп калышты.