Кыргызстандын футболчулары үчүнчү орунду ээлешти

Кыргызстандын футбол боюнча өспүрүмдөр курама командасы башкы машыктыруучу Гүлбара Уматалиеванын жетекчилиги астында Ташкентте өткөн CAFA U-18 Women’s Championship турниринде 3-орунду ээледи. Бул тууралуу уюмдун Instagramдагы расмий баракчасында маалымдалды.
Биринчи орунду Иран, экинчи орунду Өзбекстан курамасы ээледи.
Кыргызстандын футболчулары Тажикстандын курама командасын 1:0 эсебинде утуп, Өзбекстандын курама командасы менен 1:1 эсебинде тең чыгып, ирандыктарга 1:2 эсебинде утулуп калышты.
Ошондой эле кыргызстандыктар Fair Play сыйлыгын алышты (калыс оюн үчүн).