Кыргызстандын энергетика системасындагы карызы 136 млрд сомго жетти

 Кыргызстандын энергетика системасындагы карызы 136 млрд сомго жетти

Кыргызстандын энергетика системасындагы карызы 136 миллиард сомго жетти. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 26-октябрдагы жыйынында билдирди.

Министрдин айтымында, эң көп карыз Кытай мамлекетине туура келет. Алынган насыялар «Датка-Кемин» долбооруна жумшалган.

«Ошондой эле Токтогул ГЭСин реконструкциялоо жумуштары алынган кредиттердин эсебинен жүргөн. Экинчи орунда көп каражатты Ислам өнүктүрүү банкы берген. Ал акчага Түндүк жана Ош электродо акылдуу эсептегичтерди орнотуу долбоору ишке ашууда»,-деди Ибраев.  

Белгилесек, өлкөдө карыз төлөөнүн жеткен чеги 2025-жылга туура келери айтылууда. Талдоочулар бул өлкөнүн экономикасына оорчулук жаратарын белгилешет.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар