Кыргызстандын бейпилдик күчтөрү Алматыдан кайтып келишти    

  Кыргызстандын бейпилдик күчтөрү Алматыдан кайтып келишти    

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн ЖККУдагы бейпилдик контингенти мекенине кайтып келди. Аскер кызматкерлери “Ак-Жол” өткөрмө бекети аркылуу келип, андан соң Токмоктогу туруктуу жайгаштыруу пунктуна жөнөштү.

Аскер кызматкерлерин тосуп алуу үчүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев келди.

Эске салсак, Кыргызстандан барган аскерлер Алматы ТЭЦ-2 ни коргоо үчүн кызмат өтөшкөн.

Казакстанда массалык нааразылык акциялары 2022-жылдын 2-январында башталган. Мангистау облусунун Жаңы-Өзөн жана Актау тургундары суюлтулган газдын кымбатташына каршы чыгышып, андан соң нааразылык акциялары башка аймактарга да жайылган.

Президент Касым-Жомарт Токаев республикага өзгөчө кырдаал киргизип, өкмөттү отставкага кетирип, Коопсуздук кеңешин жетектеди. Анын өтүнүчү менен ЖККУ мамлекеттери Казакстанга бейпилдик күчтөрүн жөнөткөн. Ал жакка Кыргызстандан “Скорпион” атайын отряды жөнөтүлгөн.

ЖККУнун Казакстандагы миссиясы ийгиликтүү аяктады. Бир күн мурун аскерлерди чыгаруу башталган.

Жанылыктар