Кыргызстандын 14 миллион 900 миң евро карызын Германия кечет

Анын айтымында Германия карызын атайын талап менен кечип жатат. Ага ылайык, Кыргызстан аталган сумманы эки жылдын аралыгында кирешеси аз Кыргыз жарандарына насыяга бериши керек.
“Финансы министрлиги ар 8 ай сайын 5 миллионго чукул евро Мамлекеттик ипотекалык компанияга которушу керек. МИК ал акчаны ипотекага бөлүп, өз пайызын алып турат. Ипотека Ош жана Бишкек шаарында жашабаган жарандарга берилет”, — дейт Бекешев.
Ошондой эле аталган маселе бүгүн Жогорку Кеңештин комитетинде караларын кошумчалаган.