Кыргызстандын 107 жараны Украинадан Венгрия акрылуу келе жатат

 Кыргызстандын 107 жараны Украинадан Венгрия акрылуу келе жатат

Кечээ, 28-февралда Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө Кыргызстандын 107 жараны Украинадан эвакуацияланды. Анын 68и чоң адамдар, 5 студент, 34ү жашы жете элек балдар экенин ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алар Киев шаарынан Украина менен Венгриянын чек арасына автобус менен жөнөп кетти. Бул чыгуу КРнын Украинадагы элчилиги тарабынан КРнын Харьков шаарындагы ардактуу консулу Вадим Туманяндын жардамы менен ишке ашты. Элчиликтин кызматкерлери КРнын жарандарын бардык каттам боюнча коштоп жүрүшөт”- деп айтылат маалыматта.

Украина-Венгрия чек арасынан өтүү маселеси КРнын Венгриядагы элчилиги менен биргеликте жүргүзүлүүдө. Кыргызстандын Венгриядагы элчилигинин кызматкерлери Венгрия-Украина чек арасында жарандарды тосуп алып, керектүү жардамдарды көрсөтүшөт. Ошондой эле, Венгрия-Украина чек арасынан Будапешт эл аралык аэропортуна жеткирүү Венгриядагы элчилик тарабынан жана КРнын Венгриядагы ардактуу консулу Эндр Эрдоштун жардамы менен уюштурулган.

ТИМ, ошондой эле Украинадагы жана Венгриядагы элчиликтери тарабынан КРнын жарандарын Украинанын аймагынан алып чыгууну уюштуруу боюнча иштер улантылып жатканын белгиледи.

Кыргызстандын Украинадагы элчилиги:

+380997573413,

+380442370346,

+380442370348, ошондой эле Элчиликтин «WhatsApp» тобу;

КРнын ТИМнин Консулдук кызмат департаменти:

+996 551 312 000 – ыкчам байланыш номери;

+996 703 428 865

+996 709 983 465, +996 554 065 215.

Жанылыктар