Кыргызстандыктар ноябрда төрт күн катары менен эс алышат

 Кыргызстандыктар ноябрда төрт күн катары менен эс алышат

Кыргызстандыктар ноябрда төрт күн катары менен эс алышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

7-8-ноябрда — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү болгондуктан кызыл күн катары эсептелет.

Мындан улам жумасына беш күндүк жумуш графиги менен иштегендер 5-6-ноябрда (ишемби жана жекшемби) жана 7-8-ноябрь (дүйшөмбү жана шейшемби) күндөрү эс алышат.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар