Кыргызстандыктар май айында 9 күн катары менен эс алышы мүмкүн

Токтомго ылайык, беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын кызматкерлери үчүн 2022-жылдын 1-майынан 9-майына чейин дем алыш күндөрү болуп белгиленсин:
– 2022-жылдын 30-апрелиндеги дем алыш күнү – 2022-жылдын 4-майындагы иш күнүнө;
– 2022-жылдын 14-майындагы дем алыш күнү – 2022-жылдын 6-майындагы иш күнүнө которулсун деп жазылган.
Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.