ОшТВ телерадиокомпаниясы

Кыргызстандык спортчу XXIV кышкы Олимпиада оюндарына лицензия алды    

 Кыргызстандык спортчу XXIV кышкы Олимпиада оюндарына лицензия алды    

Кыргызстандын лыжа боюнча курама командасынын мүчөсү Максим Гордеев Пекинде өтүүчү XXIV кышкы Олимпиада оюндарына лицензия алды. Бул тууралуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Ал слаломдун “тоо лыжасы” дисциплинасы боюнча квотанын ээси болду, анын жыйынтыгы эл аралык лыжа федерациясынын расмий сайтында алдыдагы оюндарга катышуучулардын тизмесинде көрсөтүлгөн.

Максим Гордеев 1995-жылы 1-ноябрда Каракол шаарында төрөлгөн. Эл аралык старттардын байге ээси жана Кыргыз Республикасынын чемпиону.

Эске сала кетсек, XXIV Кышкы Олимпиада оюндары 4-20-февралда Пекинде (Кытай) өтөт.

Жанылыктар