Кыргызстандык спортчу Максим Гордеев Пекин Олимпиадасында өлкө намысын коргойт

 Кыргызстандык спортчу Максим Гордеев Пекин Олимпиадасында өлкө намысын коргойт

Лыжа тебүүчү Максим Гордеев Пекинде өтүүчү кышкы Олимпиада оюндарында Кыргызстандын намысын коргойт. Бул тууралуу Улуттук олимпиада комитети билдирди.
Гордеев Кыргызстандын чемпиону жана спорт чебери, Лыжа спорту боюнча эл аралык федерациясынын (FIS) колдоосу астында өткөн үч дүйнөлүк чемпионаттын, эки кышкы универсиаданын катышуучусу.
Аталган Олимпиадага өлкөнүн спорттук делегациясынын курамында Максим Гордеев менен Игорь Борисовдон (машыктыруучу) тышкары миссиянын жетекчиси, Улуттук олимпиада комитетинин кызматкери Чолпон Жумагазиева да болот.
Оюндарга Эл аралык олимпиада комитетинин чакыруусу менен УОКтун президенти Садыр Мамытов жана УОКтун башкы катчысы Кылычбек Сарбагишев барат.
Белгилүү болгондой, Пекинде кышкы Олимпиада оюндары 4-20-февраль аралыгында өтөт.

Жанылыктар