Кыргызстандык мушкерлер жаштар арасындагы Азия чемпионатында алты медаль утуп алышты

Иорданияда бокс боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионаты аяктады. Бул тууралуу Азия бокс конфедерациясынын Instagramдагы расмий баракчасында маалымдалды.
Кыргызстандын курама командасы үч коло, эки күмүш жана бир алтын медалга ээ болду.
1-орунду Алмаз Орозбеков, 2-орунду Бекзат Эргешов менен Асылбек уулу Акжол, 3-орунду Санжар Теңизбеков, Арген Бактыбеков, Жодарбек Сапарбеков ээледи.
Эске салсак, өспүрүмдөр арасындагы чемпионатта кыргызстандыктар алты коло жана бир күмүш медалга ээ болушкан.