ОшТВ телерадиокомпаниясы

Кыргызстандык кыз “Этносулуу-2021” сынагында байгелүү болду

 Кыргызстандык кыз “Этносулуу-2021” сынагында байгелүү болду

Кыргызстандык Алина Тажыбекова кечээ Камчаткада өткөн “Этносулуу-2021” эл аралык сынагында 3-орунду ээледи. Бул тууралуу облустун сайтында маалымдалды.

Быйылкы сынакта жеңүү үчүн 12 кыз ат салышып, алар табигый сулуулукту гана көрсөтпөстөн, көрүүчүлөргө өз элинин каада-салтын да айтып беришти.

Катышуучулар финалдын эки этабына улуттук кийим жана фото, видео тартып, образ жаратышты.  Сахнада калыстар тобунун жана көрүүчүлөрдүн алдында элдин улуттук даамын, өз талантын чагылдырган чыгармачылык  өнөрлөрүн тартуулашты.

Сынактын  жыйынтыгы боюнча биринчи орунду чукча айымы Дарина Никитина ээледи. Экинчиси татар Златослав Гумерова болду. Ал эми үчүнчү орунга Алина Тажыбекова татыды. Калган катышуучулар ар кандай номинациялар боюнча жеңүүчү болушту.

Жанылыктар