Кыргызстандык куткаруучулардын экинчи тобу Түркияга учуп кетишти

Кыргызстандык куткаруучулардын экинчи тобу Түркияга учуп кетишти. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Түркиядагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга жана издөө-куткаруу иштерине катышуу, жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн кошумча 100 кутаруучу, 6 медицина кызматкери, 25 чатыр, 1 чатыр талаа госпиталы, 160 боз үй даярдалган. Алардын ичинен кечээ, 12-февралда, 80 куткаруучу, 3 дарыгер жана 78 боз үй менен боз үй тигүүчүлөр Түркияга жөнөтүлдү.
Түркиянын жер титирөө болгон аймагына Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жетекчилиги менен 35 адам, анын ичинде 3 дарыгер, 3 боз үй тигүүчү, куткаруучулар учуп кетишти. Мындан сырткары 49 боз үй, мобилдүү кийиз үй жана медикамент түрүндө гуманитардык жүк, бүгүн, 13-фералда жөнөтүлдү.
Эске салсак, буга чейин Кыргызстандан Түркияга жер титирөөнүн эртеси күнү, 7-февралда 67 куткаруучу жана издөө иштерине үйрөтүлгөн 2 ит жөнөтүлгөн.