Кыргызстандык куткаруучулар Түркиядан кайтып келишти

Түркиядагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга катышкан кыргыз куткаруучулары мекенине кайтып келишти.
“Манас” эл аралык аэропортунда куткаруучуларды Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, Түркия мамлекетинин Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Садык Доган жана ӨКМдин өздүк курамы тосуп алды.
Белгилесек, кырсыктан жапа чеккен түрк элине жардам берүүгө 182 адам жөнөтүлгөн. Анын ичинде 6 дарыгер, 5 боз үй тигүүчү болсо, калганы ӨКМдин куткаруучуларынан турат.
Куткаруучулар жер титирөө катталган аймакта жалпысынан 8 адамды уранды алдынан аман алып чыгып, 198 адамдын сөөгүн табышты.