Эртең кыргызстандык куткаруучулар Түркиядан кайтып келишет

Кыргызстандык куткаруучулар Түркиядан эртең, 21-февралда кайтып келишет. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, Түркиянын жер титирөө болгон Кахраманмараш жана Хатай шаарларындагы издөө-куткаруу иштерин аткарып жатышкан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулар тобу эртең, 21-февралда Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 02:35да жана таңкы 09:00дө “Манас” эл аралык аэропортуна конушат.
Белгилесек, Кыргызстандан Түркияга 180ден ашык куткаруучу барган. Алар 12 күндүн ичинде 8 жаранды тирүү куткарып, 185 жарандын сөөгүн чыгарып беришти.