Кыргызстандык куткаруучулар Түркияда төртүнчү жаранды аман-эсен алып чыкты. Видео

Кыргызстандык куткаруучулар Түркияда төртүнчү жаранды аман-эсен алып чыгышты. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, табылган жаран 12 кабаттуу үйдүн эң астыңкы кабатында болгон. Куткаруучулар кыйраган имараттан жаранды табуу үчүн 6 саат убакыт кеткен.
ӨКМдин кызматкерлери кечээ да кош бойлуу келинди, 16 жана 7 жаштагы өспүрүмдү куткарган болчу.