Кыргызстандык куткаруучулар издөө иштерин Хатай шаарында улантат

 Кыргызстандык куткаруучулар издөө иштерин Хатай шаарында улантат

Кыргызстандык куткаруучулар эми издөө-куткаруу иштерин Хатай шаарында улантат. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Түркия өкмөтүнүн өтүнүчүнө ылайык, КР президенти Садыр Жапаровдун буйругу менен КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 160 адамдан турган издөө-куткаруу тобу жер титирөөлөрдүн кесепетинен эң көп зыян тарткан Хатай шаарына көчүп жатышат», — деп жазды Казакбаев.

Кыргызстандан боордош түрк элине жардам көрсөтүү үчүн жалпысынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 182 куткаруучусу, анын ичинен 12 фельдшер, Саламаттыкты сактоо министрлигинин 6 дарыгери, жер-жерлерде жардам көрсөтүү үчүн көчмө оорукана, ошондой эле атайын үйрөтүлгөн иттер менен 6 кинолог жөнөтүлгөн.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен. Акыркы маалыматтарга ылайык, табият кырсыгынан 36 миң 187 адамга жетип, 108 067 адам жарадар болду.

 

Жанылыктар