Кыргызстандык балбандар АКШдагы эл аралык мелдеште алты медаль утту

 Кыргызстандык балбандар АКШдагы эл аралык мелдеште алты медаль утту

Кыргызстандык балбандар АКШдагы Билл Фарреллди эскерүү боюнча эл аралык мелдештен байгелүү кайтты. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдирди.

Турнир 18-19-ноябрда Нью-Йорк шаарында өттү.

Грек-рим күрөшү боюнча медалга ээ болгон балбандар:

алтын медаль – Атабек Азисбеков, 97кг;
күмүш медаль – Тынар Шаршенбеков, 72кг;
күмүш медаль – Мелис Айтбеков, 97 кг;
коло медаль – Калидин Асыкеев, 87 кг.

Эркин күрөш боюнча медалга ээ болгон балбандар:

алтын медаль – Тайырбек Жумашбек уулу, 65кг;
алтын медаль – Орозобек Токтомамбетов, 74 кг.

Белгилей кетсек, Тайырбек Жумашбек уулу турнирдин мыкты балбаны аталды.

Жанылыктар