Түркияга жардам. Кыргызстандан 55 тонна гумжардам жөнөтүлдү

 Түркияга жардам. Кыргызстандан 55 тонна гумжардам жөнөтүлдү

Кыргызстандан Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга 55,3 тонна биринчи зарылдыктагы гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Бул туурасында Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган билдирди.

Ахмет Садык Доган бул гумжардам өлкөнүн коомдук уюмдары жана Кыргызстандын калкы, жана Түркиянын бул жакта жашаган жарандары тарабынан чогултулганын белгиледи. Анын ичинен 25,3 тонна жүк “Түрк авиалиниялары” жана “Пегасус Эйрлайнс” авиакомпанияларынын каттамдары менен, 30 тоннадан ашыгы транспорт каржаты менен жеткирилген.

“Биздин өлкөгө 5225 жууркан, 680 уктоочу кап, 2 генератор, 1099 матрас, 16 жылытуучу каражат, 9 тонна кийим, 9 тонна гигиеналык жана медимциналык каражат, 5 тонна тамак-аш болгон”, – деди дипломат.

Маалыматка караганда, каражат чогултуу бүгүн да уланууда.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар