Кыргызстандан Афганстанга күйүүчү май экспорттолгон жок

 Кыргызстандан Афганстанга күйүүчү май экспорттолгон жок

Афганстандын нефтетрейдерлери Кыргызстандан күйүүчү май экспорттоп жатат деген маалымат жалган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн, 16-декабрдагы Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу, жарандарды, автоунааларды жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулган.

Ошондой эле, Министрлер кабинетинин ушул жылдын 1-мартындагы токтомуна ылайык, мунай жана мунай продуктуларын ЕАЭБдин чегинен тышкары экспорттоо дагы убактылуу токтотулган.

Демек, мунай жана мунай зат продукциялары Кыргызстандан сыртка ташылып чыгарылып жатат деген маалымат жалган.

Жанылыктар