Кыргызстандагы кадр саясатынын абалы

 Кыргызстандагы кадр саясатынын абалы

Билим берүү министрлиги жаңы окуу жылын утурлай мектеп директорлорун тандоо боюнча сынак өткөрүп жатат. Бул боюнча июль айында өлкө башчынын жарлыгы чыккан. Анын негизинде 5 жылдан ашык иштеген жетекчилер кызматтан алынды.

Жаңы демилге коомчулукта дагы бир ирет кадр саясатын козгоп, жетекчилерди дайындоо боюнча сындар айтылып жатат. Мындан улам бул макалада канткенде кадр тандоо маселеси жолго коюлат деген суроого саресеп салдык.

Жумагүл Нурматова Ош облусунун тургуну. Ал Араван районундагы Базарбай Жээналиев атындагы орто мектебинин директору болуп иштеген. 9 жылдан ашык жетекчи болгон каарманыбыз президенттин жарлыгына ылайык, кызматынан бошотулду. Эми башка талапкерлер менен катар кайра директорлукка сыноодон өтөт.

 

“Мектепке алгач башталгыч класстардын мугалими болуп келип, кийин директордун окуу иштери боюнча орун басары болуп иштедим. Эми башка талапкерлер менен катар сынак тапшырам. Окуучулардын саны барган сайын көбөйүүдө. Ошондуктан бул мектептин эски корпусун оңдоп-түзөш керек. Мындан тышкары, окуучуларды предметтик олимпиадаларга катыштыруу үчүн билим сапатын дагы алдыга жылдыра турган пландар менен иштөө абзел”,- деди Жумагүл Нурматова.

Билим берүү мекемелеринин жетекчилерин сынак аркылуу тандап алууга билим сапатынын начардыгы, көп жылдан бери иштеген директорлор коррупциялашып кеткендиги себеп болгон.

Министрдин орун басары Уланбек Мамбетакуновдун айтымында, жаңы системаны кабыл алардан мурун мектептерге анализ жүргүзүлүп, 30-40 жыл директор болуп иштегендер бар экени аныкталды. Алардын арасынан мектепти өз менчигиндей ээлеп, кызматын ашкере пайдаланып жүргөндөр болгон.

“Эми жаңы тандалган жетекчилер 5 жыл иштешет. Эгерде бул жылдар ичинде жакшы көрсөткүчтөргө жетсе кайра дагы сынакка катышса болот. Тактап айтканда, мыйзам директорлорду эки нөөмөткө дайындалууга жол берет. Мындан тышкары, директорлорду шайлап эле коюп тим болбостон тренингдерди өткөрүп турабыз. Профессионалдык өнүгүүсү үчүн маалыматтарды берип, чет мамлекеттерге тажрыйба алмашууга чыгып турушат”,- деди Уланбек Мамбетакунов.

 

Аксаган кадр саясаты. Көйгөйдүн себеби эмнеде?

Коомдук ишмер, тарыхчы Кыяс Молдокасымов өлкөдө мекеме-ишканаларга жетекчилерди туура тандоо, дайындоо системасы солгун экендигин айтты. Көбү тааныш-билиш, акчанын жардамы менен кызматка дайындалып жатышат. Натыйжада тажрыйбасы жок жетекчилер аркылуу кирешеси көп тармактар дагы банкроттук абалга кептелүүдө.

Статистика боюнча Кыргызстанда 1,5 миңдин тегерегинде мамлекеттик ишканалар бар. Бүгүнкү күндө алардын көпчүлүгү мамлекетке киреше бере албай калды. Ошондуктан завод, фабрика же башка компания болобу ал жерге күчтүү менеджерлерди, мыкты кадрларды тандай билүү маанилүү.

“Бир мекеме-ишкананы жетектеп барган адамдын сөзсүз ошол тармак боюнча билими болушу керек. Ошол эле учурда эмгек жамааты менен бат тил табыша билген, лидерлик сапаты бар кадрларга артыкчылык берүү туура. Анан ал жетекчи алдыдагы 5-10 жылга стратегиялык план түзүп, ошол боюнча тынымсыз иштесе өнүгүү болот. Негизгиси уурлук, жемкорлуктан алыс болгону жакшы. Азыр бизде жетекчилердин алтын фонду жок. Башкача айтканда, мыкты кадрлардын алтын фондун түзүп, аларды өрнөк катары таанытышыбыз керек. Ошол эле учурда тажрыйбаларын жайылтып, артынан иш билги шакирттерди тарбиялоого неге болбосун”.

Мамлекеттик кадр кызматынын мурдагы төрагасы Чолпонкул Арабаевдин айтымында, кадр тандоого астейдил мамилеге кылып, туура жолго коюу маанилүү. Себеби кесиптик чеберчилиги бар делген жетекчилер дагы көп кемчиликтерди кетирип жатышат. Ошондуктан биринчиден кадрлардын квалификациясын жогорулатып туруу керек.

“Кайсыл тармакка болбосун кадрларды контрактык негизде дайындоону сунуштайт элем. Мисалы, ал келишимде жаңы жетекчи 5 жылда бул жумушту алдыга жылдырам, 2 жылда бул иштерди аткарам деген сыяктуу. Башкача айтканда, профессионалдуу, өз программасы менен келе турган кадрларды кызматка алып келүү керек. Ошол эле учурда директорлорду ротация  жолу менен иштетүү жакшы жыйынтыгын берет. Себеби бир жерде, көп жыл иштегендердин көбү кызматын тууганчылыкка, бизнеске айлантып алууда”,- деди Арабаев.

 

Совет доорундагы жетекчилерди тандоо жана дайындоо системасы

Советтер Союзунда адамдарды жөнөкөй жумуштан баштап, жогорку кызматка жеткенге чейин тарбиялашкан. Бул боюнча комсомол комитетинин секретарлыгынан баштап, кесиптик-техникалык окуу жайларынын башчысы кызматына чейин жеткен Балтагул Нурунбетов ой бөлүштү. Нурунбетов ал кезде кадрды биринчи тандап, анын жөндөмдөрүн изилдегенден соң жумушка дайындаган система иштегенин айтты. Ишке орноштуруп гана тим болбостон андан ары ал кызматкерди тарбиялап, өстүрүшкөн. Жөнөкөй кызматкерден баштап тажрыйбалуу адисти даярдоого орточо 10-15 жылдай убакыт кеткен. Ушунча жолду басып өткөн адам натыйжада иштин көзүн билип, иштеген жерин алдыга сүйрөп кетүүнү өздөштүргөн.

 

Катардагы жумушчудан баштап директорлук кызматка чейин жеткирген мекеме

Ишкерлердин тажрыйбасын арттырып, инвестиция тартууга жардам берген “Жаш ишкерлер ассоциациясы” ар тараптуу тажрыйбага ээ гана кадрларды жетекчиликке алып келет. Ошондуктан кадрлар алгач жөнөкөй менеджерлик жумуштан баштап, башкы адис, директордун орун басары баскычтарынан ийгиликтүү өткөндө жетекчи болуп дайындалат.

Бизнес ассоциациянын аймактардагы жетекчилери 3 жылдан кийин ротация жолу менен алмашып иштешет. Шералы Касымалиев ассоциациясынын Бишкек, Баткен жана Жалал-Абад аймактык бөлүмдөрүнүн директору болгон. Азыр Ош облусундагы төрагасы.

 

Кадр тандоо ийгилиги. Cынактан өткөндөр гана ишке орношот

Эл аралык уюмдар дагы сыноодон ийгиликтүү өткөн кадр тандоо системасысынын негизинде иш алып барат. Мисалы, Кыргызстандын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин аймактарда өкүлчүлүктөрү бар. Мында ар бир долбоордун аткарылышын көзөмөлдөгөн аймактык жетекчилер жана долбоордун координаторлору иштейт. Агенттикке мындай адистер конкурс жарыяланып тандалат.

Ош облусу боюнча координатор Маратбек Сагынбаевдин билдиришинче, сынакка жергиликтүү башкаруу органдарында 2 жылдан кем эмес иштегендер, жогорку билимдүү жана кыргыз-орус тилдерин билгендер катыша алат. Конкурста эл аралык уюмдарда иштегендерге артыкчылык берилет. Мындан тышкары, уюштуруучулук жөндөмү, адамдар менен мамиле куруп кетүү сапаттары болгону жакшы. Коммисиялык топ ушул талаптарды эске алып, катышуучулардын бирин тандап алат.

“Комиссия курамы катышуучулар менен жандуу баарлашуу өткөрөт. Себеби сынактан өткөндөр коомчулук менен иштешет да. Ошондуктан ыңгайсыз учурлардан чыга билүү сыяктуу психологиялык көндүмдөр боюнча суроолор берилет. Баарлашууда катышуучулардын даремети канчалык экени жакшы билинип калат да. Андан кийин комиссиянын мүчөлөрү өз-өзүнчө балл коюп, эң көп балл алганы ишке алынат”,-деди Маратбек Сагынбаев.

Президент өткөн жылы мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканаларга кадрларды тандоо системасын жакшыртуу үчүн «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» Жарлыкка кол койгон эле. Анын негизинде район акимдери, сот кызматкерлери ротацияланды. Ошондой эле, мамлекеттик кызматкерлердин айлык маяналары көтөрүлгөндөн бери иштин сапатын жакшыртуу талаптары дагы күчөтүлө тургандыгы айтылууда.

“Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюму өнөктөштүктө, Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К аталган долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.

Материалдын автору Нуржамал Баргыбаева.

Жанылыктар