Кыргызстанда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүү башталды.

Бул сапар кыргызстандыктар мурдагы парламенттик шайлоодон башкача добуш берет. 54 депутатты партиялык тизме, 36сын бир мандаттуу округ аркылуу шайлайт.
Мыйзамга ылайык, эрте менен саат 08:00дө 2 273 шайлоо участкасы ачылып, кечинде 20:00дө жабылат.
Жалпысынан 21 партия, бир мандаттуу округдан 287 талапкер ат салышууда. Мыйзамга ылайык, добуш берген жарандардын 5, жети облустан жана Бишкек, Ош шаарларынан 0,5 пайызына ээ болгон партия утуп чыгат. Бир мандаттуу округдан эң көп добуш алганы жеңүүчү деп таанылат.
Жалпысынан 3 миллион 703 миң 420 кыргызстандык добуш берүү укугуна ээ, чет өлкөдөн катталгандары 84 128ди түзөт.