Кыргызстанда жети миллионунчу жаран төрөлдү

 Кыргызстанда жети миллионунчу жаран төрөлдү

Кыргызстанда жети миллионунчу жаран төрөлдү. Бул тууралуу  Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Статкомдон ымыркай кайсы облуста төрөлгөндүгү тууралуу толук маалыматты түшкөн кийин бере тургандыктарын кошумчалашты.

Эске салсак, өлкөнүн алты миллионунчу жараны Айлин Кожошева 2015-жылдын 25-ноябрында Ош шаарында, беш миллионунчу жараны Тынчтыкбек Курамаев 2002-жылдын 27-августунда, төрт миллионунчу жараны Каныкей Кайыпова 1985-жылдын 27-майында Ош облусунун Кара-Суу районунда төрөлгөн.

Ошондо, жети миллионунчу жаран менен алты миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 7 жылды, алты миллионунчу жаран менен беш миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 13 жылды, ал эми беш миллионунчу жаран менен төрт миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 17 жылды түздү.

 

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар