Кыргызстанда жаныбарлар катышкан циркке жана коммерциялык зоопарктарга тыюу салуу сунушталганы жатат

Кыргызстанда жаныбарлар катышкан циркке жана коммерциялык зоопарктарга тыюу салуу сунушталганы жатат. Бул тууралуу 4-августта “Азаттык” радиосуна Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, бул боюнча тийиштүү ченемдик-укуктук актылар иштелип чыгууда жана алардын максаты – жаныбарларга катаал мамиле жасалышына жол бербөө.Министрлик Жогорку Кеңештин депутаттарынын ача туяктуу жапайы жаныбарларга аңчылык кылууга мораторий жарыялоо тууралуу демилгесин колдогон бүтүм чыгарып бергенин да кошумчалады.Бүгүнкү күндө дүйнөнүн 45 өлкөсүндө оюн-зоок индустриясында жаныбарларды колдонууга толук же жарым-жартылай тыюу салынган. Мындай чектөө жаныбарларды мажбурлап үйрөтүүдөгү таш боор мамилеге, алар эркиндиги чектелген шартта жашаганына, өлүмгө көп учураганына жана мындай оюн-зооктун балдардын психикасына тийгизген терс таасирине байланыштуу кабыл алынганы жүйө келтирилип жүрөт.