Кыргызстанда жөлөк пулду көбөйтүү пландалууда

 Кыргызстанда жөлөк пулду көбөйтүү пландалууда

Кыргызстанда жөлөк пулду көбөйтүү пландалып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында маалым болду.

Жыйында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев 2002-жылдын 17-18-мартында Аксы районунда, 2010-жылдын апрель-июнь жана 2021-жылдын 28-30-апрелинде болгон окуяларда каза болгон жарандардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыркаган жарандарга мамлекеттик колдоону күчөтүү боюнча мыйзам долбоорун тааныштырды.

“Бүгүнкү күндө бул жаатта жөлөкпул алуучулардын саны 562 адамды түзөт. Аларга 2022-жылдын 1-октябрынан тартып кошумча жана ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдардын өлчөмүн 3700 сомдон 5500 сомго чейин жогорулатуу каралууда”, – деди министр.

Талкуу маалында депутаттар мыйзам долбооруна быйыл сентябрда болуп өткөн чек ара жаңжалдарында жабыркагандарды да кошо кетүүнү жана жөлөк пулдун көлөмүн дагы көтөрүүнү сунушташты.

Кудайберген Базарбаев экинчи окууга чейин айтылган сунуштарды карап чыгарын белгиледи. Жыйынтыгында мыйзам долбоору жактырылды.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар