ОшТВ телерадиокомпаниясы

Кыргызстанда  ВИЧ илдетин  725 бала жана өспүрүм алып жүрөт  

 Кыргызстанда  ВИЧ илдетин  725 бала жана өспүрүм алып жүрөт  

Кыргызстанда расмий маалымат боюнча 2021-жылдын 1-ноябрына карата ВИЧ илдетине чалдыккан 725 бала (18 жашка чейинки) катталган. Бул тууралуу   Республикалык СПИД борборунун дарыгери Эркин Тостоков билдирди.

Анын айтымында, жугузуунун парентералдык, бейтапканалык жолу 391 учурду (же 54 пайызды), вертикалдык (энеден балага) 284 учурду (же 39,2 пайызды) түзөт. 46 учур боюнча жугузуунун жолу түзүлө элек. Парентералдык венага дары киргизүү жана жыныстык жол менен жугуу эки (өтө узакка созулган) учурду түзөт.

Жалпысынан  бул илдеттен 87 жашы жете элек өспүрүм каза болгон.

«Буга чейин кош бойлуу аялдар ВИЧке бир жолу  каттоодон өткөндө анализ тапшырышкан. Ошол учурда алар терс натыйжага жетиши мүмкүн, бирок кийинчерээк – төрөткө чейин, ал тургай баланы эмизүү учурунда да жугушу мүмкүн.  Ушул пункттарды эске алуу менен биз кош бойлуу аялдарды  каттоодо жана акыркы триместрде кош тестирлөө киргиздик. Көйгөй, кээ бир аялдар обсервациядан жана терапиядан баш тартышууда», – дейт Эркин Тостоков

«Антиретровирустук терапия түйүлдүктүн өнүгүүсүнө эч кандай таасир этпейт. Бул көп жылдык изилдөөлөр менен далилденген. Корко турган эч нерсе жок, тескерисинче, дары ичүү керек. Кыргызстанда балдар жана чоңдор үчүн вирусту аныктоочу анализдер жана дары-дармектер бекер», – деп баса белгиледи дарыгер.

Жанылыктар