Кыргызстанда уюлдук телефонду каттоо үчүн 700 сом алынбай турганы айтылды

 Кыргызстанда уюлдук телефонду каттоо үчүн 700 сом алынбай турганы айтылды

Кыргызстанда уюлдук телефонду каттоо үчүн 700 сом алынбайт. Бул тууралуу  маалымат жыйынында Санариптик өнүктүрүү министрлигинин укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы Нурлан Алаев билдирди.

Анын айтымында, мыйзам долбоору кабыл алына элек, коомдук талкууда каралып жатат.

“Учурда аталган документ мыйзам долбоору болгондуктан сунуш-пикирлер кабыл алынат”, – дейт ал.

Эскерте кетсек, буга чейин ЖМКларда уюлдук телефонду каттоо үчүн 700 сом алынары тууралуу маалымат тараган. Анда бир уюлдук телефонду каттоонун баасы жети эсептик көрсөткүчтү, башкача айтканда, 700 сомду түзөрү айтылган.

Жанылыктар