Кыргызстанда туристтерди кызыктарган жерлердин реестри түзүлдү

 Кыргызстанда туристтерди кызыктарган жерлердин реестри түзүлдү

Кыргызстанда туристтерди кызыктарган жерлердин реестри түзүлдү. Бул туурасында Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун директору Елена Калашникова билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча жүргүзүлгөн инвентаризациянын алкагында Кыргызстанда 1,5 миңден ашык табигый жана тарыхый кооз жерлери инвентаризацияланып, базага кирди.

“Ал Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду тарабынан демилгеленип, өлкөнүн бардык аймактарындагы туристтик дестинациялар тарабынан өткөрүлдү. Эксперттер, гиддер, археологдор туристтерди кызыктыра турган бардык жерлерди камтыган чоң маалымат базасын түзүшкөн. Эксперттер бир нече ай иштешти. Андан кийин бардык чогултулган маалыматтар иштетилип, автоматташтырылган маалымат базасына киргизилди. Ар бир объектти сүрөттөрдөн тышкары, анда туристтик бизнестин өкүлдөрү үчүн пайдалуу боло турган фотосүрөттөр, географиялык координаттар жана маалыматтар камтылган. Келечекте ал дагы кеңейтилет”, – деди Елена Калашникова.

Калашникова маалымат visitkyrgyz.com сайтында жеткиликтүү экенин кошумчалады.

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар