Кыргызстанда спорт министрлигин түзүү демилгеленди

 Кыргызстанда спорт министрлигин түзүү демилгеленди

Кыргызстанда спорт тармагын маданият министрлигинен бөлүп, өзүнчө министрлик кылып түзүү демилгеленүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 27-октябрдагы жыйынында депутат Эмил Жамгырчиев билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, спорт министрлигин түзүүнүн негизги максаты өлкөдө спорт тармагын өнүктүрүү болуп саналат.

“Кыргызстанда 1950-жылдан бери спорт тармагына көңүл бурулган эмес. Болгону бул тармакта агенство, департаменттер иштеп алдыга жылуу болбоптур. Мисалы, коңшу мамлекеттерди алалы. Өзбекстанда өзүнчө министрлик бар. Анын жыйынтыгында дүйнөлүк олимпиадада бул мамлекеттин спортчулары алдыңкы орунга жетишти”,-деди Жамгырчиев.

Депутаттар тарабынан спорт министрлигин түзүү боюнча иштелип чыккан токтом парламент төрагасынын кароосунда турат. Андан ары президенттин кароосуна жөнөтүлөт.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар