Кыргызстанда социалдык мекемелердеги тамак-аштын суткалык нормалары эки эсеге жогорулайт

Фото Лидия Аникина © ИА «Уральский меридиан»
Садыр Жапаров айрым социалдык мекемелердеги тамак-ашка кеткен чыгымдардын акчалай ставкасын жогорулатуу боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды, балдарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды, социалдык мекемелерде жашаган улгайган жарандарды тамактандыруунун сапатын жакшыртуу максатында 2022-жылдын 1-январынан тартып тамак-аштын акчалай ставкасы 100 пайызга жогорулатылды:
-балдар, улгайган жарандар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин мекемелеринде;
-Билим берүү жана илим министрлигинин мекемелериндеги жетим балдар, ата-энесинин камкордугусуз калган балдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар;
-Саламаттык сактоо министрлигинин адистештирилген реабилитациялык борборлорундагы (балдар үйлөрүндө) балдар.
Мамлекет башчысы жарлыкты ишке ашыруу үчүн кошумча каражат таап, бөлүүнү тапшырды.
Эскерте кетсек, Садыр Жапаров 3-декабрда Беловодск балдар психоневрологиялык социалдык стационарында болуп, алардын тамактануусу менен таанышкан. Ал Кудайберген Базарбаевге өлкөнүн социалдык стационардык мекемелери үчүн бекитилген тамактануунун акчалай ченемдерин эки эсеге көбөйтүү боюнча министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун тез арада иштеп чыгууну тапшырды.