Кыргызстанда сегиз айда 99 млрд сомдон ашык салык жыйналды

 Кыргызстанда сегиз айда 99 млрд сомдон ашык салык жыйналды

Ушул жылдын январь-август айларына карата 99 млрд 961,4 млн сом салык жыйналды. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматта айылгандай, белгилегенген план 1 млрд 445,5 млн сомго ашыгы менен аткарылган.

2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 33 млрд 829,4 млн сомго көп жыйналды.

Белгилей кетсек, 1-сентябрда транспорт, турак-жай жана үй жанындагы жер участогуна салыкты төлөө мөөнөтү аяктады.

Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактарга 1 000 сом, юридикалык жактарга 5 000 сом суммасында айып каралган.

Жанылыктар