Кыргызстанда орточо айлык акы 25 миң сомду түздү

 Кыргызстанда орточо айлык акы 25 миң сомду түздү

Ушул жылдын январь-сентябрь айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда орточо номиналдык айлык акы 25 миң 27 сомду түздү. Бул туурасында статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.

Комитет төрагасынын айтымында, былтыркы жылдын январь-сентябрь айларына караганда орточо айлык акы 27,9%га көбөйгөн.

“Эмгек акынын эң көп өсүшү искусство, саламаттык сактоо, социалдык тейлөө, коргоо, билим берүү, мамлекеттик башкаруу жана милдеттүү социалдык камсыздоо, тоо-кен, транспорт ишмердүүлүгү, жүктөрдү сактоо жана дүң жана чекене соода, унаа оңдоо тармагында иштегендердин арасында байкалган”,-деп айтылат маалыматта.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар