Кыргызстанда насвай чеккен аялдардын саны өсүүдө

 Кыргызстанда насвай чеккен аялдардын саны өсүүдө

Кыргызстанда насвай чеккен аялдардын саны өсүүдө. Бул тууралуу   маалымат жыйынында Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун бөлүм башчысы Чинара Бекбасарова билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылдан бери Кыргызстанда 15 жаштан жогорку курактагы эркектердин арасында тамеки чеккендердин саны азайып, ошол эле учурда аялдар менен кыздардын арасында тамеки тарткандардын саны өскөн.

“Ошондой эле насвайды аялдар 7 эсе, эркектер 3 эсе көп колдоно башташкан. Буга бир жагынан тамекинин кымбатташы, экинчи жагынан насвайдын жөнгө салынбаганы таасир этүүдө”, – деди Чинара Бекбасарова.

Эскерте кетсек, дүйнө жүзүндө эртең, 31-майда – бүткүл дүйнөлүк чылым чегүүгө каршы күрөшүү күнү белгиленет.

Жанылыктар