Кыргызстанда кыска мөөнөттүү бала бакчалар ачылат

 Кыргызстанда кыска мөөнөттүү бала бакчалар ачылат

Кыргызстанда 3 миңден ашык баланы камтыган мектепке чейинки 60 өнүктүрүү борбору түзүлөт. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, борборлор 3-5 жаш курактагы балдарга каралган. Бул кыска мөөнөттүү бала бакчаларда балдар үч саат билим алышат.

Билим берүү министрлигине жергиликтүү бийлик органдарынан мектепке чейинки өнүктүрүү борборлорун түзүү боюнча 105 өтүнмө келип түшкөн. Атайын комиссия 60 объектти тандоону аяктады.

Алар:

Баткен облусу – 4

Ош облусу – 12

Ысык-Көл облусу -6

Жалал-Абад облусу – 15

Талас облусу – 12

Чүй облусу – 8

Нарын облусу – 3

“Тендердик документтерди даярдоо жүргүзүлүүдө. Жакында оңдоо-курулуш иштерине тендер жарыяланат. Ошондой эле ар бир борборго эмерек, килем, оюн жана өнүгүү үчүн материалдар берилип, балдар аянтчалары жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн ылайыкташкан шарттар түзүлөт”,- деп айтылат мекеменин маалыматында.

Өнүктүрүү борборлору Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Окутуунун негиздерин бекемдөө”долбоорунун алкагында түзүлөт.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар