Кыргызстанда кышкы Жалпы республикалык тестирлөө ноябрдын аягында болот

 Кыргызстанда кышкы Жалпы республикалык тестирлөө ноябрдын аягында болот

Жогорку окуу жайларга кайра тапшыруу үчүн (кышкы кабыл алуу) Жалпы республикалык тестирлөө 24-30-ноябрь аралыгында өтөт. Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, жогорку окуу жайларга кабыл алуу үчүн каттоо онлай режимде 17-27-октябрь аралыгында болот.

Каттоого мамлекеттик үлгүдөгү документтер менен ырасталган жалпы, орто же кесиптик орто билими бар жана 2022-2023-окуу жылында ЖОЖдордо окубаган адамдарга уруксат берилет. Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу келишимдик негизде билим берүү формасы үчүн гана болот.

Быйыл июндун аягында Билим берүү жана илим министрлиги жогорку окуу жайларга жылына эки ирет кабыл алуу баштала турганын жарыялаган. Муну менен министрлик билим сапатын жогорулатып, окуу жайлардын ийкемдүүлүгүн камсыз кылууну көздөй турганын билдирген.

Жанылыктар