Кыргызстанда кийинки жылы маркировкасы жок дарыларды ташып келүүгө тыюу салынат

Кыргызстанда 2024-жылдын март айынан тарта маркировкасы жок дары-дармектерди ташып келүүгө тыюу салынат. Бул туурасында Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин директору Айнура Абалиева билдирди.
Абалиева система үч этап менен ишке аша турганын айтты.
“Ушул март айында маркировкасы жок айрым дарылардын ташып келүүсүнө тыюу салынат, үч айдан кийин дагы дарылардын саны көбөйүп, ноябрь айында 60-70 пайыз маркировкасы жок дарылардын ташып келүүсүнө тыюу салынат. Ал эми 2024-жылдын март айынан тарта толук тыюу киргизилет”, – деди ал.