Кыргызстанда кийинки жылы 23 жаңы оорукана курулат

 Кыргызстанда кийинки жылы 23 жаңы оорукана курулат

Кыргызстанда 2023-жылы 23 заманбап оорукананын курулушу пландалып жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, ошондой эле жыл аягына чейин 97 тез жардам унаасы сатып алынып, анын 33ү Баткен облусуна берилет.

Ал эми Баткен облусунун Лейлек районунда кайрымдуулук фонддун эсебинен 230 орундуу оорукананын курулушу мерчемделүүдө.

Белгилесек, өлкө аймагындагы ооруканалардын басымдуусу эскилиги жетип, жаңыланууга муктажыдыгы айтылып келет.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар