Кыргызстанда канттын баасын мамлекеттик жөнгө салуу кайра киргизилиши мүмкүн    

 Кыргызстанда канттын баасын мамлекеттик жөнгө салуу кайра киргизилиши мүмкүн    

Кыргызстанда кум шекердин баасын мамлекеттик жөнгө салуу кайра киргизилиши мүмкүн. Министрлер кабинетинин токтомунун долбоору Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан коомдук талкууга коюлду.

Документ дүйнөдөгү учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кум шекердин республиканын керектөөчүлөрү үчүн экономикалык жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында даярдалган. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, октябрь айында канттын баасы 3,42 пайызга — 66,41 сомдон 68,68 сомго кымбаттаган.

2020-жылга салыштырмалуу 29,11 пайызга, же 15,5 сомго кымбаттады.

«Баалардын өсүшү   доллардын жана башка чет элдик валюталардын сомго карата курсунун жогорулашына байланыштуу. Мындай шарттарда баанын мындан ары көтөрүлүшүнө жол бербөө үчүн мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү зарыл болуп калат», – деп белгилейт министрлик.

Мыйзамга ылайык, мамлекеттик жөнгө салуу бир айдын ичинде баалар 20 жана андан ашык пайызга көтөрүлгөн шартта киргизилиши мүмкүн. Республикада мындай нерсе азыр жок. Бирок Экономика министрлиги   “дүйнөдөгү азыркы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргыз Республикасындагы өзгөчө кырдаалды эске алуу менен” мамлекеттик жөнгө салууну киргизүүнү каалайт. Ал 90 календардык күн бою күчүндө болот.

Жанылыктар