Кыргызстанда калктын акчалай кирешеси өстү

 Кыргызстанда калктын акчалай кирешеси өстү

Кыргызстанда калктын реалдуу акчалай кирешеси 4,3 пайызга өстү. Бул туурасында статистика комитетинен билдиришти.

2022-жылдын I жарым жылдыгында керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген калктын реалдуу акчалай кирешесинин көлөмү 272,3 млрд. сомду түздү. Бул мурунку жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 4,3 пайызга көп.

Ал эми милдеттүү төлөмдөр жана төгүмдөр кошулбай эсептелген кирешелерди мүнөздөгөн калктын адам башына эсептелген колдогу акчалай кирешелери республика боюнча айына 7 408,7 сомду түзгөн.

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар